Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Непалда катуу жер титирөөдө 100дөн ашык адам мерт болду


Непалда 2015-жылы эки жолу катуу жер титиреп, 9 миңден көп киши набыт болгон. Архивдик сүрөт.
Непалда 2015-жылы эки жолу катуу жер титиреп, 9 миңден көп киши набыт болгон. Архивдик сүрөт.

Непалда катуу зилзалада 100дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды. Би-Би-Си кызматы баарынан шарты катаал Жажаркот жана Рукум райондору көп жабыркаганын, куткаруу иштерине армия менен коопсуздук кызматы тартылганын жазды.

Жердин катуу силкинүүсү Напалдын борборунан сырткары коңшу Индияда, Дели шаарында дагы сезилди.

Армиянын өкүлү кырсыкта дагы 100дөн көп тургун жараат алганын, Жажаркоттогу оорукана толуп калганын билдирди.

Ишембиге караган түндө жер биринчи силкингенден кийин бир саатка жетпей дагы үч жолу чайпалган. Көптөгөн тургундар бул түндү эшикте өткөрдү.

Жергиликтүү басылмалар тараткан сүрөт-видеолордон жабыркаган көп кабаттуу үйлөрдү, жашоочулардын уранды алдында калган адамдарды издеп жатканын көрүүгө болот.

Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал кырсык болгон аймактарга чукул жөнөп кеткени кабарланды. Ал Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу жакындарын жоготкондорго, там-ташынан айрылгандарга көңүл айтып, тиешелүү кызматтарга куткаруу операциясын дароо баштоо тапшырмасын бергенин жазды.

Кырсык болгон аймакка каттаган айрым жолдорду зилзаланын айынан жер көчкү басып калгандыктан куткаруу иштери кыйындады.

Непалдын Мониторинг жана иликтөө борбору жер титирөө жергиликтүү убакыт менен 23.47 болгонун билдирди. АКШнын Геологиялык кызматы зилзалалын күчү очогунда 5,6 балл болгонун кабарлады.

Непал сейсмологиялык жактан кооптуу аймактардын катарына кирет.

Бул өлкөдө 2015-жылы эки жолу катуу жер титиреген. Анда 9 миңден көп киши набыт болуп, 22 миңден ашыгы жараат алган. Кырсыкта 800 миңден турак жай кыйраган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG