Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Акылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен Бишкектеги ыш көйгөйүн талкуулады


Бишкекте кышында ыш негизги көйгөйгө айланат.
Бишкекте кышында ыш негизги көйгөйгө айланат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда ыш көйгөйү, санариптештирүү жараяны, креативдүү экономика жаатындагы долбоорлорду бирге ишке ашыруу жана тоо-кен тармагы тууралуу пикир алышты.

“Тараптар Бишкектеги абанын булганышы жана бул көйгөйдүн себептерине өзгөчө көңүл бурду. Бул багытта кыргыз өкмөтү экологиялык таза энергия булактарын ишке киргизүү, калктын электромобилдерге өтүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле коомдук транспорттун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча активдүү чаралар жүргүзүлүп жатканы белгиленди”,-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Бишкектин ошол кездеги мэри Эмилбек Абдыкадыров ыш көйгөйүн чечүүнүн бир жолу катары 2024-2025-жылдар аралыгында шаар толугу менен газга өтөрүн билдирген.

Учурда шаардын жака белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.

Соңку жылдары айрыкча кыш мезгилинде Бишкек абасы булганган шаарлардын сап башына чыгып келет.

Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Адистер буга Бишкек жылуулук борбору, таштанды полигону, конуштар, машинанын көптүгү, менчик мончолор, көмүр жагуу жана өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG