Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Назарбаевдин кудасынын бизнестери Алматынын менчигине өткөнү кабарланды


Казакстандык ишкер Кайрат Боранбаев сотто. 31-март, 2023-жыл.
Казакстандык ишкер Кайрат Боранбаев сотто. 31-март, 2023-жыл.

Казакстандык ишкер Кайрат Боранбаевдин үч компаниясы Алматы калаасынын коммуналдык менчигине өткөрүлгөнүн «Информбюро» порталы калаа бийлигине таянып жазды. Маалыматка караганда, фитнес-клубдарды караган F Link компаниясы, бизнес-борбору жана соода борбору калаа карамагына өткөн.

Алматы акимчилиги билдиргендей, быйыл октябрда тергөө менен ыктыярдуу кызматташуунун алкагында Боранбаев жалпы баасы 33,75 миллиард тенгени түзгөн обьектилерди өткөрүп берген. Андан тышкары 1,4 миллиард тенгеге бааланган Comfort Hotel Astana мейманкана комплексинен да мамлекеттин пайдасына баш тартканы маалым болгон.

Быйыл сентябрь айында Астана шаардык аппеляциялык соту Боранбаевди алты жылга түрмөгө кесип, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Ал ири көлөмдөгү бирөөнүн мүлкүн тартып алууга, арам жол менен тапкан акчасын адалдаштырууга айыпталган. Көп өтпөй анын түрмөдөгү мөөнөтү эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырылды. Ага ылайык, ишкер пробациялык көзөмөл алдында болот.

Боранбаев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө кирип, анын мурдагы кудасы болчу. Боранбаевдин кызы Назарбаевдин тун кызы Дариганын уулу, маркум Айсултандын келинчеги болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG