Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:57

“Киран” катуу шамалы Европада ондон ашуун кишинин өмүрүн алды


Испанияда бак кулап, бир аялдын өмүрү кыйылды. 3-ноябрь, 2023-жыл.
Испанияда бак кулап, бир аялдын өмүрү кыйылды. 3-ноябрь, 2023-жыл.

Европанын борбордук жана түштүк бөлүгүн каптаган “Киран” катуу шамалы кеминде он кишинин өмүрүн алды. Испания, Италия, Франция өлкөлөрүндө шамалдын ылдамдыгы саатына 207 чакырымга жетип жатты. Жаан менен коштолгон катуу шамал ошондой эле Англиянын түштүгүн, Белгия, Нидерланддар, Германия жана Португалияны да каптады. Белгияда бактар кулап, эки киши набыт болду. Алардын бири бала экени кабарланды.

Испанияда катуу шамалдан улам токойлордо өрт тутанды. Бийлик тилсиз жоо каптаган аймактагы кыштактардан 800дөй кишини коопсуз жакка көчүрдү. “Кирандан” кийин Францияда миллиондон ашуун киши электр жарыксыз калды.

Көнөктөгөн нөшөрдөн Хорватиянын баш калаасы Загребдеги Сава дарыясы нугунан чыкты.

Окумуштуулардын пикиринде климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу мындай катуу шамалдар Европада көп каттала башташы мүмкүн. Глобалдык жылуулуктан улам Европанын түндүгү менен түштүгүндөгү абанын температурасынын айырмасы көбөйүп, катуу шамалга жана көнөктөгөн нөшөрлөргө алып келүүсү ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG