Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Салык кызматы ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ колдонгон ишкерлер эки-үч эсе арбыганын маалымдады


Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Мамлекеттик салык кызматы жаңы салык саясатынын соңку жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) колдонгон ишкерлер арбыганын маалымдады.

Мекеме жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү жумуштары уланып жатканын белгилеп, ушул күнгө карата ал аппараттарды 68 миң 80 субъект колдонуп жатканын тактайт. 2021-жылы бул сан 20 миңдин тегерегинде экенин эске алганда, көрсөткүч үч эсе арбыган.

2023-жылдын он айында ишкердик субъекттер жүгүртүү суммасы 1,1 трлн сомдон ашык суммада 12,3 млн электрондук эсеп-фактура тариздешкен. ЭЭФ киргизилген 2020-жылдын 1-июлунан бери ишкерлер жалпы 4,6 трлн сомго 32,8 млн электрондук эсеп-фактура жазышкан.

Ушул күндөрү ЭЭФти 69 миң 70 салык төлөөчү колдонуп жатат жана жыл башынан тартып 34 миңден ашуун субъектке көбөйдү. Бул он айда аталган инструментти колдонгондор эки эсе арбыды дегенди түшүндүрөт.

Мындан сырткары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонуп жаткан ишкерлер 98 миң 96га жетти. Жыл башында алардын саны 30 миңдей болчу жана бул аралыкта сан үч эсе арбыды.

Он айда ишкерлерге ЭТТК системасы аркылуу 12,3 млн электрондук документ түзүлгөн. Анын ичинен сатууга – 9,9 млн, эсептен чыгарууга – 855,4 миң, алып өтүүгө – 567,7 миң, кириштөөгө – 948,9 миң документ берилген.

1-ноябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын январь-октябрь айларында алар 199 млрд 938,5 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын маалымдаган. Жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,1 млрд сомго көп. Абдувапов мунун себебин жогорудагы үч инструменттин киргизилгени менен түшүндүргөн.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG