Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Келерки жылы бюджеттин жалпы чыгымы 495,6 миллиард сомду түзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Келерки жылы Кыргызстанда республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 495,6 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн 3-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн бюджеттик угууда каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев билдирди. Анын айтымында, чыгаша кирешеден 19,6 миллиард сомго аз болору болжолдонууда:

“2024-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 378,4 миллиард сомду түзүп, 2023-жылдын бекитилген бюджетине карата өсүш 53,4 миллиард сом болот. Чыгым 358,8 миллиард сомду түзөт. Профицит 19,6 миллиард сом болот. Белгилей кетчү нерсе, 2024-жылы активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуу менен чыгымдар 495,6 миллиард сомду түзөт, ошентип, бюджетибиз тең салмактуу, активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуу менен чыгымдар биздин жалпы ресурстарга барабар”.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүндө жалпысынан өсүш болгонун Статистика комитети билдирген.

Өкмөт жыл жыйынтыгында өсүш 4,5% болот деп болжолдосо, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген божомол берген. Бийлик планга жетпей жаткан себебин Кумтөрдө кендин курамынан алтын азыраак табылып жатканы менен байланыштырууда. Бирок өкмөт жалпы көрсөткүчтөр жыл аягына чейин түздөлөт деп ишенип жатат.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG