Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:17

Аллен Украинаны колдоо АКШ үчүн маанилүү экенин айтты


Лиз Аллен.
Лиз Аллен.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Лиз Аллен 1-ноябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде Жо Байдендин администрациясы Израилге да, Украинага да жардамын көрсөтүүнү көздөп жатканын билдирди.

Америкалык дипломаттын айтымында, НАТО боюнча союздаштар менен бирге Украинага колдоо көрсөтүү АКШ үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошол эле учурда Вашингтон Израилге да жардам көрсөтүү маанилүү деп эсептейт жана бул жардамдын кайсы бир бөлүгү Газа секторундагы палестиналыктарга да багытталууда.

Аллен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да, коргоо министри Ллойд Остин да Сенаттын комитетинде Украинага жардамды көбөйтүү жана Израилге ресурстук колдоо көрсөтүү зарылчылыгын түшүндүрүп беришкенин, бул эки өлкөгө жалпысынан 106 миллиард доллар кошумча жардамдын зарылчылыгын түшүндүрүү аракети экенин айтты.

Аллендин билдиришинче, Өкүлдөр палатасынын жаңы спикери Майк Жонсон (Луизиана штатынан шайланган республикачы) Израил менен Украинага жардамды өз-өзүнчө талкуулап, караш керек деген турумду карманууда.

Байдендин администрациясы бул маселеде өз максатына жетүүсү канчалык болору тууралуу суроого ал "Ооба, жете алат. Биз айтканыбызга катуу турабыз”, - деп жооп берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG