Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Пакистан Ооганстандан келген мыйзамсыз мигранттарды күчтөп чыгарууда


Мекенине жөнөп жаткан оогандык мигранттар.
Мекенине жөнөп жаткан оогандык мигранттар.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү 1-ноябрда мыйзамсыз жүргөн ондогон оогандыкты кармап, мекенине депортациялашты. Исламабаддын маалыматына караганда, рейд каттоодон өтпөгөн мигранттарга каршы өнөктүктүн бир бөлүгү. Бирок бул чара негизинен 2 миллиондой ооган мигрантына каршы багытталган.

3-октябрда Пакистандын Ички иштер министрлиги тиешелүү уруксат кагаздары жок бозгундардын баары 28 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш деп билдирген.

Оогандарды күчтөп чыгаруу, аларды куугунтуктоо БУУнун, эл аралык укук коргоочу уюмдардын, Ооганстанды башкарган “Талибандын” катуу сынына кабылды.

31-октябрда камоолордон, күчтөп депортация болуудан чочулаган миңдеген ооган бозгуну автобус, жүк ташыган машиналар менен мекенине жөнөп кетишти.

Шейшембиде Хьюман Райтс Уотч (HRW) эл аралык уюму Пакистандын өкмөтү оогандык мыйзамсыз келгендерди чыгаруу үчүн коркутуп-үркүтүүлөргө, күч колдонууга барып жатканын билдирген.

Укук коргоочулар Пакистан БУУнун кыйноолорго жана зомбулукка, куугунтукка туш болушу мүмкүн деген мамлекеттерге адамдарды кайтарбоого каршы конвенциянын мүчөсү катары милдеттенмелерин бузуп жатканын белгиледи.

Уюм башкалка сурагандар, БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссариатында катталган оогандар да полициянын өз билемдигине кабылганын кошумчалады.

HRW АКШ, Британия, Германия жана Канаданы Пакистандагы оогандарды, өзгөчө мекенинде тобокелдикке кабылышы ыктымал деген ЛГБТ мүчөлөрүн, журналисттерди, укук коргоочуларды көчүрүү жараянын тездетүүго чакырды.

Исламабаддын маалыматы боюнча Пакистанда 4 миллиондон ашуун ооган качкыны жүрөт. Алардын жарымынын тиешелүү документтери бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG