Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:35

Бишкекте жаңы cанитардык полигон ачылды


Бишкектин Санитардык жаңы полигону. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.
Бишкектин Санитардык жаңы полигону. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында улуттук жана европалык экологиялык-санитардык стандарттарга ылайык курулган жаңы таштанды полигону ачылды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, көлөмү 1,9 млн метр куб полигон жакынкы он жылда Бишкекке катуу тиричилик калдыктарын коопсуз жок кылууга мүмкүндүк берет. Полигондун гидроизоляциялык тутум менен жабдылышы фильтратты (кескин жыттуу булганган суюктукту) тосуп калууга жана тазалоого, анын жер астындагы сууга кошулуп кетүүсүнө жол бербейт.

Санитардык полигон Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдигинин (ЕБ) демөөрчүлүгү астында ишке ашты. Биринчи мекеме бул үчүн 22 млн евро насыя, экинчи мекеме 8 млн евро грант бөлдү.

Бишкектин “Тазалык” муниципалдык ишканасы бөлүнгөн каражатка таштанды чогултуучу заманбап автоунааларды жана алардын ишин мониторинг кылуу үчүн GPS навигация тутумун сатып алды.

Берилген каражат таштанды чогултуучу жаңы пункттарды курууга да мүмкүндүк берди.

Мурдараак иштеп жаткан Санитардык полигонду рекультивация кылуу жана таштанды төгө турган жаңы полигон курууга деп алынган 22 млн евронун 6 миллиону гана калганы ачыкка чыккан. Бул боюнча “Азаттыктын” иликтөөсү жарыяланган соң Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго жана анын Г.А. аттуу кеңешчисине издөө жарыяланган.

Бишкек шаарына ушул тапта иштетилип жаткан Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү таштанды талаасы оор абалга кептелген. Техника жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, иргелбеген таштандылар белгиленген аймактан чыгып, күн сайын аянты кеңейип баратат.

Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эле эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Европа Биримдиги ушул убакка чейин Кыргызстанда түрдүү долбоорлор үчүн 100 миллион евродон ашык гранттарды берген. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы болсо суу, катуу калдыктар жана энергетика секторлорун колдоо долбоорлоруна кошумча 205 миллион евро инвестиция салган. Бул колдоодон өлкө боюнча 15 шаар жана сегиз айыл пайдаланып, таза суу, энергетикалык ресурстарга жана катуу таштандылардан арылуу багыттарына иштетишкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG