Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:19

Кадыров тополоңго катышкандарды "чекеге атуу" тууралуу буйрук берди


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Чечен лидери Рамзан Кадыров массалык тополоңдордун алдын алууну жана зарыл болсо, катышуучуларды “чекеге” атууну тапшырды. Мунун алдында Дагестандын борбор шаарындагы аэропортту антисемиттик акцияга чыккан топ басып алган эле.

Кадыров “Бизде тополоңго бир киши чыга турган болсо, кармап, отургузгула. Же болбосо эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарып, ал адам мыйзамга баш ийбесе, чекеге аткыла. Андан кийин чыкпай калышат. Бул менин буйругум”, - деген ал.

Чечен жетекчисинин өкмөт жыйынында айтылган мындай сөздөрун РИА Новости жазды.

Кадыров Путин сыяктуу эле антисемиттик акцияларга Киев жана Батыш "шыкакчы" болгон деп айыптады.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атады.

Махачкаладагы окуянын катышуучулары Газадагы палестиндерди коргоо үчүн чыгышканын айтышкан.

Кадыров өзү социалдык тармактарда Израилди “геноцид” кылып атат деп айыптап, нацисттик Германияга салыштырган.

Дагестанда башаламандыкка байланыштуу 83 киши кармалды. Аларга кандай айып тагылганы белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG