Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

БУУ Газадагы санитардык абалга жана балдардын саламаттыгына кабатыр


Газа шаарындагы ооруканада башкалкалаган аялдар менен балдар. 25-октябрь 2023-жыл
Газа шаарындагы ооруканада башкалкалаган аялдар менен балдар. 25-октябрь 2023-жыл

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газадагы саламаттыкты сактоо тармагы апаат коркунучуна кептелгенин эскертти. Уюм 31-октябрдагы билдирүүсүндө, жер которгондор көбөйгөнүн, суу, канализация системалары кыйраганын белгиледи. Уюмдун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер карапайым тургундар арасында Израилдин бомбалоолоруна туздөн-түз байланышпаган жоготуулар көбөйүшү ыктымал деп айтты.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил соккуларын баштагандан бери 8 миң 300дөн ашуун палестиналык өмүр менен кош айтышканын билдирген. Израил тараптан 1400 кишинин каза болгону кабарланган. Алардын басымдуу бөлүгү ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салганда өлгөн.

Өткөн аптада жөөт армиясы жерде операция баштады.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Жэймс Элдер суунун тартыштыгынан чарчап калган наристерлер көбөйүшү мумкүн деп эскертти. Анын айтымында, балдар туздуу суу ичип ооруп жатат, 940 чакты жеткинчек дайынсыз болууда.

"Алардын айрымдары урандылардын астында калган болушу мүмкүн", -деп кошумчалады Элдер.

Дагы бир тобу алган жаракаттан, стресстен жабыркаган.

Шейшембиде БУУнун гуманитардык жардам боюнча агенттиги тилкени суу менен камсыздоо “белгисиз себептерден” токтоп калганын билдирген.

Линдмайер Газага күйүүчү майды өткөрүүгө уруксат берилиши керек деп айтты.

Израил "кара майды ХАМАС өзүнүн кыянат максаттарында пайдаланышы ыктымал" деген негизде ага уруксат бербей жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG