Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Оң рулдуу таксилерге тыюуну алып салуу мыйзамы тармактык комитетте өтпөй калды


Бишкектеги "Ош" базарынын жанындагы оң рулдуу таксилер. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги "Ош" базарынын жанындагы оң рулдуу таксилер. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 31-октябрдагы жыйынында “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун карады.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев алгач баяндама жасап, мыйзам долбоору Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга салынган тыюуну 10 жылга артка жылдыруу максатын көздөй турганын айтты. Документ быйыл 1-мартта коомдук талкууга чыккан.

Кыргызстанда оң рулдуу унааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу мыйзамын парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Ага ылайык, документ 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Ортодо мыйзамды ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 2016-жылы 3-мартта тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан.

Бекешевдин билдиришинче, мыйзам 2020-жылы күчүнө киргени менен коронавирус пандемиясынан, түрдүү саясий окуялардан жана башка себептерден улам реалдуу иштебей келген. Депутат салык кызматы таксисттерге автоунаасынын рулунун кайсы жакта жайгашканына карабай патент берип жатканын, натыйжада жол тескөөчүлөргө аларга айыппул салуу мүмкүн болбой жатканын белгиледи. Ал ошол себептүү тыюуну мыйзам аркылуу 2030-жылдан баштап күчүнө киргизүүнү сунуштады.

Мурдараак Ички иштер министрлиги (ИИМ) оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдалангандарга 3 миң сом айыппул салууну караган токтом долбоорун иштеп чыккан. Анын негиздемесинде оң рулдуу таксилерге тыюу салынганы менен, аларга жаза каралбаганы белгиленген. Ал токтом кабыл алына элек.

Бекешевдин мыйзам долбоорун Тазабек Икрамов баштаган бир нече депутат колдоого алып, ошол эле маалда оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө таптакыр каршы экендигин айтышты. Эл өкүлү Бакыт Сыдыков оң рулдуу таксиге тыюу салган мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алып бергенин, ошол себептүү алгач тиешелүү органдарды аны аткарбаганы үчүн суроо-сопкутка алууну сунуштады. Ушундан соң комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун четке кагышты.

ИИМдин буга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташып иштейт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу унаалардын айынан болорун белгилеп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG