Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Ташкентте Палестинаны колдоо акциясына чогулгандар суракка алынды


Ташкенттеги Амир Темур аянты.
Ташкенттеги Амир Темур аянты.

Өзбекстандын милициясы 29-октябрда баш калаа Ташкенттеги Амир Темур проспектисинде Палестинаны колдоо митингин өткөрүүгө аракет кылган жүздөн ашык кишини кармап, алардын көбүн сурактан кийин кайра бошоткону белгилүү болду. Бул тууралуу Өзбекстан парламентинин мурдагы депутаты Расул Кушербаевдин Телеграмдагы каналына жана Gazeta.uz басылмасына шилтеме кылып “Азаттыктын” өзбек кызматы 30-октябрда кабарлады.

“Жүздөн ашуун адам чогулганы кабарланат. Укук коргоо кызматкерлери акция тууралуу алдын ала билишкен. Жүздөн ашуун адам ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынды. Көбү коё берилди”, – деп жазды Расул Кушербаев.

Gazeta.uz басылмасынын укук коргоо органдарындагы булактары да бул кабарды ырасташты. Маалыматка ылайык, жекшемби күнү Ташкенттеги акцияга өзбек баш калаасынын гана эмес, коңшу аймактардын да тургундары келишти.

Гезит жазгандай, бул митингди уюштурууга чакырган билдирүүлөр социалдык тармактардын өзбек сегментинде бир канча күн мурда пайда болгон. Жекшемби күнү акцияга чогулгандар “Палестина менен ийиндешпиз”, “15 күн мени чочутпайт” деген сыяктуу жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

“Алардын айрымдарына карата (болжол менен Административдик кодекстин 201-беренеси – “Жыйналыштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн же демонстрацияларды уюштуруу тартибин бузуу” беренеси боюнча) административдик протоколдор түзүлүп, материалдар сотко өткөрүлүп берилди”, - деп жазды Gazeta.uz.

Соңку бир канча жумада Газадагы кырдаалга байланыштуу дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да палестиндерди колдогон акциялар өттү.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт бийлиги Газаны блокадага алган. Ага чейин тилкеге күнүнө 500дөй машина гуманитардык жардам жана коммерциялык жүк тартып барчу.

Эки миллиондон ашуун киши жашаган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшембиде билдиргендей, жаңжал башталгандан бери набыт болгондордун саны 8 миңден ашты, арасында 3 миң 324 жашы жетелек бала бар.

Израил жоочулар 1 миң 400 кишини өлтүрүп, 239 кишини барымтага алышканын кабарлаган. Израилдин бийлиги жума күнү ХАМАСка каршы операцияны кеңейтип жатканын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG