Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Акылбек Жапаров иш сапары менен Британияга барат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Британияга барат. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер 30-октябрда маалымат жыйында билдирди. Ал өкмөт башчынын сапарынын алкагында эки бизнес форум өтө турганын, ишкердик жаатында кызматташуу да талкууланарын белгиледи.

“Британия менен Кыргызстандын алакасы улам оңолуп келе жатат. Бул процесс Кыргызстан эгемендик алгандан бери жүрүп келе жатат. Элчилик ортодогу кызматташтыкты жакшыртуу үчүн болгон аракетти көрүп келет. Айрыкча жакында эле Британиянын министрлеринин өкүлчүлүгү, парламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Бишкекке келгени жана Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун Британияга сапарынын белгилениши - мунун көрсөткүчү деп ойлойм. Британия үчүн Кыргызстан маанилүү өлкө болуп саналат”, - деди Боулер.

Жапаровдун сапары боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинети маалымат бере элек.

Соңку жылдары Британияга миграцияга барып, утурумдук жумуштарда иштеген кыргызстандыктар көбөйдү. Былтыр Лондон Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота берсе, быйылкы жылга 8 миң квота бөлүнгөн. Жумушчуларды тандоо, алар менен офлайн аңгемелешүүнү Британиянын Pro-Force компаниясы өзү жүргүзөрү маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG