Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Тогуз айда казинодон дээрлик 59 миллион сом салык түштү


Казинодогу жабдуулардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Казинодогу жабдуулардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандагы казино ишмердүүлүгүнөн 58 млн 950 миң сом салык алынды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётунда маалымдалат.

Бул каражат жалаң республикалык бюджетке түшкөн. Республикалык бюджеттин бул аралыктагы кирешеси жалпы 259,4 млрд сом болду. Мунун 188,8 млрд сому салыктык киреше, 60,4 млрд сому салыктык эмес кирешелер жана калганы атайын каражаттар.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат.

Алардын бири – "Гранд казино" президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Ачык бюджет сайтындагы маалыматка ылайык, "ГРАНД КАЗИНО” лицензия алуу үчүн өкмөткө 84 млн. сом төлөгөн.

Мындан сырткары "Казино Кристал" ишканасына лицензия берилгени сентябрда маалым болгон. Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, март айында каттоодон өткөн "Казино Кристал" да кумар оюндарына лицензия алуу үчүн 84 миллион сом төлөгөн. Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, "Казино Кристал" ишканасынын жетекчиси катары Масалбеков Арсен Масалбекович көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү болуп Үмөталиев Сүйүнбек Камчыбекович, Айткулов Назим Майрамбекович, Асанов Чубак Дамирович жазылган.

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд. сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG