Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Сокулукта колу-буту байланып, эстен танган өспүрүм кыздын окуясы иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдүн Сокулук районундагы Биринчи Май айылында колу-буту байланып, көчөдө табылган өспүрүм кыз тууралуу окуя иликтенип жатат. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 30-октябрда маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя 24-октябрда болгон. Көчөдө өспүрүм кыздын колу-буту байланган абалда жатканын көргөн кошуналары милицияга кабар берген.

Окуяны Сокулук райондук милициясы каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.

Бул ишти облустук милициянын жетекчилиги көзөмөлгө алганы жана балдар укугу боюнча мамлекеттик уюмдар тартылганы жазылган.

Ошондой эле окуяга байланыштуу күбөлөр, өспүрүм кыз өзү жана анын ата-энеси сурак берген. Керектүү укуктук экспертизалар дайындалган.

Милиция өспүрүм кыздын бул абалга кандайча келип калганы тууралуу маалымат бере элек.

Буга чейин 24.кж сайты Чүй облусунун аймагында колу буту скотч менен таңылган өспүрүм кыз табылганын, ал эс-учун жоготуп койгонун жана оозуна чүпүрөк тыгылып турганын жазып чыккан. Ошондой эле өспүрүм кыз бакма үй-бүлөдө тарбияланып жатканы, окуя боюнча кылмыш иши козголо электиги айтылган.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген. (MKt)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG