Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Махачкала: антисемиттик акцияда миңдей киши аэропортту басып алды


Махачкала аэропортундагы демонстранттар көтөрүп чыккан Палестинанын желеги.
Махачкала аэропортундагы демонстранттар көтөрүп чыккан Палестинанын желеги.

29-октябрда антисемиттик нааразылык акциясына чыккан миңге жакын адам Тель-Авивден учак каттамы келер алдында Махачкала аэропортун басып алды. Бул тууралуу "Кавказ. Реалии" басылмасы жазды. Чогулгандар Израилге каршы нааразылык билдирип, жөөттөрдүн аймактан чыгарылышын талап кылышкан.

Бул Чеченстандагы согуштан кийин орус бийлиги ири шаарлардын бириндеги аэропортту бир канча убакытка толугу менен көзөмөлдөн чыгарган биринчи учур. Аэропорт каттамдардын учуп-конушуна жабылып, шаарга келген учактар башка аймактарга жөнөтүлдү.

Flight Radar 24 сайтындагы маалыматтарга караганда, Red Wings авиакомпаниясынын Тель-Авивден келаткан учагы Махачкаланын аба майданына жергиликтүү саат боюнча кечки 7:17де келип конгон. "База" басылмасынын билдиришинче, ал жерге ОМОН кызматкерлери келгени менен демонстранттарды токтото алган эмес. Тургундар аэропорттон чыгып жатканда жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүгө аракет кылышкан. Жаалданган топ жөөттөрдү издөө үчүн ОМОНдун машиналарын дагы тинтишкенин "Сота" жазды.

Окуя болгон жерде тартылган видео жана сүрөттөр бийлик абалды көзөмөлдөбөгөнүн көрсөтүүдө. Кечки саат 9дар чамасында демонстранттар учуп-конуу тилкесине чыгып, учуп келген учакка кирүүгө аракет кылышкан. Видеодон ОМОНдун ок аткан үндөрү да угулган.

Бийлик өкүлдөрү аба майданды басып алган окуя боюнча бир канча убакыт комментарий беришкен жок. Red Wings авиакомпаниясынын борту келип конгондон үч сааттан кийин Дагестан боюнча Тергөө комитети "массалык башаламандык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Полиция видеокөзөмөлдөр аркылуу бардык катышуучуларды табууга убада берди.

Израил өкмөтүнүн аппараты, Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кеңеши биргелешип билдируү жасап, Дагестандагы абалга байкоо салып жатышканын билдиришкен. "Израил Орусиянын укук коргоо органдарынан Израилдин бардык жарандарынын жана жөөттөрдүн коопсуздугун коргошун жана аларга каршы багытталган тополоңдорго, жапайы чагымдарга каршы чечкиндүү чара көрүшүн күтөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Саат 22:00гө жакын бийлик аэропортко көзөмөлүнүн толук орнотконун билдирди. Андан көп өтпөй ОМОН менен демонстранттар ортосунда кагылышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарады.

Дагестандын Саламаттык сактоо министрлиги Махачкаладагы аба майданда бери дегенде 20дай киши жараат алганын, алардын арасында күч органдарынын кызматкерлери, антисемиттик акцияга чыккандар дагы бардыгын билдирди. Алардын экөө оор абалда. "Эхо Кавказа" жүргүнчүлөрдүн бири ооруканага жаткырылганын жазды. Кавказ.Реалии күч кызматкерлеринин бери дегенде экөөнө таш тийип, жараат алганын кабарлады.

Ушул эле күнү кечинде Хасавюрт шаарында жергиликтүү тургундар "Фламинго" жана "Киев" мейманканаларына келип, ал жерде жашап жаткан "Израилден келген качкындарды" чыгарууну талап кылышкан.

Дагестандагы окуяларды чагылдырган Telegram каналдарында Хасавюрттун чогулган тургундарынын видеолору пайда болду. Маалыматка ылайык, Хасавюрттун тургундары мейманкананын конокторун терезеге баруусун талап кылышкан. Алар реакция кылбаганда, чогулгандардын айрымдары "Фламинго" тарапка таш ыргыта башташты.

"Медиазона" билдиргендей, Ички иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча демонстранттардын өкүлдөрү мейманканаларга кирип, ал жерде израилдиктердин бары-жогун текшеришкен. Ошондон кийин "Фламингонун" эшигинде "Израилдин чет элдик жарандарына (жөөттөргө) кирүүгө катуу тыюу салынат! (жана бул жерде жашабагыла!)" деген жазуусу бар кулактандыруу пайда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG