Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:08

Бишкекте репрессия курмандыктары эскерилди


"Ысымдарын кайтаруу" акциясынын катышуучусу репрессия курмандыктарынын тизмесин окуп жатат. Бишкек, Горький паркы, 29-октябрь, 2023-жыл.
"Ысымдарын кайтаруу" акциясынын катышуучусу репрессия курмандыктарынын тизмесин окуп жатат. Бишкек, Горький паркы, 29-октябрь, 2023-жыл.

29-октябрда Бишкектеги Горький паркында “Ысымдарын кайтаруу” деп аталган акция өттү. Аны “Эсимде” долбоорунун өкүлдөрү уюштуруп, саясий репрессия болгондорду эскеришти.

Уюштуруучулар иш-чараны ар бир өмүрдүн баа-баркын эске салуу, жапырт өлтүрүүлөр менен камоолорго, пропагандага жана тарыхты бурмалоолого каршылык деп аташты.

1930-жылдардын экинчи жарымында Совет бийлиги тарабынан миллиондогон адам репрессияланып кеткен. Саясий мотивдеги жазалоо 1937-38-жылдары өзгөчө күчөгөн.

Изилдөөчүлөр ырастагандай, Кыргызстанда ал жылдары Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү кыргыз өлкөсүнүн алдыңкы интеллигенциясы жана жоон топ жетекчилиги баштаган 20 миң адам репрессия курмандыгы болгон.

“Эсимде” долбоору тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча талкуу аянтчасын уюштуруп келет. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG