Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Зеленский Мальтадагы саммиттин катышуучуларына кайрылды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мальтадагы саммиттин катышуучуларына кайрылды. Анын видеокайрылуусу 28-октябрда президенттин кеңсесинин Ютубдагы расмий баракчасына жайгаштырылды.

“Өткөн жылы мен Тынчтык формуласын сунуштагам. Анда Орусиянын Украинага каршы агрессиясынын бардык аспектилерин камтыган жана БУУнун Уставынын принциптерине негизделген он пункт бар. Бул мезгил аралыгында биздин Тынчтык формулабыз акырындап глобалдык деңгээлге айланып барат. Анткени, сиздер бардыгыңыздар аны колдодуңуздар же, жок дегенде, аны менен иштөөгө иштиктүү кызыкдарлыгыңыздарды көрсөттүңүздөр. Бул формула чындап эле жалпыбыздыкы болуп калды... Тынчтык формуласы биздин өлкөбүзгө каршы агрессияны токтотуу жана анын кесепеттерин жоюу үчүн БУУнун Уставынын бардык күч-кубатын камсыздайт. Демек, мезгили менен башка агрессияларда эл аралык укуктардын толук күчүн ушинтип камсыздоо үчүн үлгү болуп бере алат”, - деди Зеленский кайрылуусунда.

28-октябрда Мальтада Украинадагы согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки күндүк саммит башталган. Анда буга чейин Жиддада жана Копенгагенде өткөн жыйындарга караганда көбүрөөк өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Reuters агенттигинин маалыматтарына ылайык, саммитке Европанын, Американын, Арабия, Африка жана Азия чөлкөмдөрүнүн 65 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Жыйын жабык өтүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2023-жылдын соңунда Украина маселеси боюнча глобалдык саммит өткөрүү жөнүндө макулдашуу кабыл алынышы күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөргө Орусия катышкан эмес. Кремлдин өкүлдөрү саммитти өткөргөнү үчүн Мальтаны сынга алган. Мальтанын тышкы иштер министри Ян Борг анын өлкөсү бейтарап позицияда болгонуна карабай, “аймактагы адилетсиздикти, жарткычтыкты жана бийликтен кыянат пайдаланууну айыптабай коё албай турганын” билдирген. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG