Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Кыргызстан "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учактарын алды


Кыргызстандын Чек ара кызматы "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учактарын алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, жаңы алынып келген "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттарынын (дрон) базасы менен таанышты.

Базанын инфратүзүмү, дрондордун чек араны кайтаруу күзөтүн уюштуруу ишин көрдү.


Садыр Жапаров “Акынжы” жана “Аксүнгүр” дрондору өлкө тарыхында Чек ара кызматына биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынганын белгилеген.

Дрондорду чыгарган Baykar Defence компаниясынын жетекчиси, Түркиянын жараны Байрактар Лютфю Халукту Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы - "Даңк" ордени менен сыйлаганы маалым болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө аскердик техника жана курал-жарактар масштабдуу түрдө жаңыланганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, 2020-жылы бул багытка 3,5 миллиард сом гана жумшалса, 2021-жылы 32 миллиард, 2022-жылы 53 миллиард сом сарпталган. Быйылкы алты айда 40 миллиарддан ашык сом бөлүнгөң. Ташиев бул каражатка "Байрактар", "Аксунгур" жана "Акынжы" учкучсуз учактар, абадан коргоочу жабдуулар, Ми-8, Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактары алынганын айткан.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү июнда Орусиянын "Рособоронэкспорт" мамлекеттик ишканасынан Ми-17 тик учагын сатып алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG