Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жарылууда көз жумган шахтерлордун жакындары менен жолугушту. Караганда. 28-октябрь, 2023-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жарылууда көз жумган шахтерлордун жакындары менен жолугушту. Караганда. 28-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге Караганда облусундагы шахтада болгон трагедияга байланыштуу жеке өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан көңүл айтты.

Садыр Жапаров көңүл айтуу телеграммасын жолдоп, оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

"Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүн жана жакындарын кайраттуу болууга чакырып, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп жазылган президенттин телеграммасында.

Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы көмүр шахтасында бүгүн, 28-октябрда, саат 8:00 чамасында болгон жарылуудан 32 шахтер набыт болду. Дагы 14 адам жер алдында калууда. Буга байланыштуу 29-октябрь - Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Көмүр кендин ээси - "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы шахтадагы метан газы жарылганын билдирген. Маалыматка ылайык, жарылуу болгон кезде шахтада 252 адам болгон, алардын 208и тышка чыгарылган. 18 шахтер ооруканага жеткирилди, үчөөнүн абалы оор экени айтылууда.

Кырсык боюнча Кылмыш кодексинин "Тоо-кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдөгү коопсуздук талаптарын бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланды.

Август айында ушул эле "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык "Казакстан" шахтасында чыккан өрттөн беш киши каза таап, 16 адам жараат алган.

Расмий маалыматтар боюнча, 15 жыл аралыгында "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын кендеринде 100дөн ашык адам өлгөн.

Костенко атындагы шахтадагы кырсыктан кийин президент Касым-Жомарт Токаев "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташтыкты токтотууга тапшырма бергенин Ак ордо малымдады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG