Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:18

Иранда хижабсыз жүргөнү үчүн кармалган кыз ооруканада каза болду


Армита Гераванд
Армита Гераванд

Иран бийлигине караштуу Borna.news агенттиги маалымдагандай, 17 жаштагы Армита Герванд оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бир жума жаткандан кийин кайтыш болду. Укук коргоочулар ал хижабсыз жүргөнү үчүн кармалганда катуу жараат алганын айтышууда.

Расмий маалыматта кыз кан басымы кескин түшүп кеткендиктен, метродо кулап, башы жарылып, мээси чайкалганын, бул гипоксияга жана мээнин шишип кетишине алып келгени айтылат. Ооруканага жеткирилген Армита комага түшкөн.

Окуядан бир нече күндөн кийин Hengaw укук коргоо кыймылы Гераванд хижабсыз жүргөнү үчүн адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалган учурда жараат алганын айтып чыкты. Алардын маалымдашынча, адеп-ахлак полициясы кызга күч колдонгон.

IRNA мамлекеттик агенттиги кийинчерээк метродогу окуя тартылган тасманы көрсөттү. Анда кыз курбулары менен поездге киргени, кайра эле аны эс-учун жоготкон абалда платформага алып чыгышканы тартылган. Amnesty International уюму тасмадагы видео монтаждалган деп эсептейт. Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, тасмадагы видеонун үч мүнөттөй бөлүгү жок кылынган.

Былтыр сентябрда Иранда 22 жаштагы студент кыз Махса Амини полиция хижаб эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапкан. Анын өлүмүнөн кийин Иранда бир нече айга созулган массалык толкундоолор болгон. Кыз-келиндер хижабдарын чечип өрттөшкөн. Укук коргоочулардын маалыматында толкундоолор учурунда 500дөй киши өлүп, 20 миңдей адам кармалган. Кеминде жети киши өлүм жазасына тартылган.

2023-жылдын сентябрь айында Иранда ислам динине ылайык кийинбегендерге он жылга чейин эркинен ажыратуучу мыйзам кабыл алынган. Мыйзамды бузган аялдарга балак уруу жана 8 миң АКШ долларына чейин айып пул салуу каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG