Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

АКШ президенти Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды


Ван И
Ван И

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Ван И Америкада үч күндүк визит менен жүргөн. "Америка авазы" радиосу кабарлагандай, аңгемелешүү бир саатка созулду, ага АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катышты.

Американын президенти сөзүндө АКШга да, Кытайга да атаандаштыкка жоопкерчилик менен мамиле кылып, ачык байланышты колдоо зарылчылыгы турганын белгиледи. Байден дүйнөдөгү глобалдык маселелерди чечүүгө эки өлкө чогуу киришүүгө тийиштигин эскерткенин Ак үй маалымдады.

АКШ лидери ошондой эле Ван И менен жума күнкү болгон жолугушууну "окуялардын жакшы маанайда өнүгүүсү жана жакшы мүмкүнчүлүк" деп сыпаттаганын улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.

Ал кошумчалагандай, Байден мурдагыдай эле Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жакынкы келечекте жолугушууга ишеним артат. Ошол эле учурда Кирби, кийинки айда Сан-Францискодо өтүүчү АТЭСтин саммитинин алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу болору чечилгенин ачык айткан жок.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И көз караштар ар түрдүү экенине карабай, Кытай менен АКШнын көптөгөн жалпы кызыкчылыктары бардыгын, тараптар чогуу аракеттенүүчү көп чакырыктар болуп жатканын айтып, Кытай менен АКШ диалог жүргүзүшү зарылдыгын белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен быйыл июнда Кытайга расмий сапар менен барып, бул өлкөнүн лидери Си Цзинпин менен жолуккан. Бул соңку беш жылдагы Американын жогорку даражалуу өкүлүнүн Кытайга жасаган алгачкы сапары болгон.

Былтыр Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Кытай лидери Си Цзинпин Индонезиянын Бали аралында "Чоң жыйырма" саммитинин алкагында үч сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG