Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:00

WPS индекси: Кыргызстан - аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө


Аялдарга зомбулукка каршы акция. Бишкек. Март, 2023-жыл.
Аялдарга зомбулукка каршы акция. Бишкек. Март, 2023-жыл.

Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкө бойдон калууда.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) ушул жумада жарыяланган баяндамасына ылайык, Кыргызстан аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 95-орунда.

Кыргызстан 2021-жылы да WPS индексинде 97-катарда болуп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган.

Баяндамада Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду 20% ашпай турганы, 13% аялдар жакын адамдары тарабынан зордук-зомбулукка кабылары жазылган.

Кыргызстандан бир тепкич өйдө Өзбекстан жайгашкан, Тажикстан 90-орунда. Казакстан 80-катарда. Ал эми Түркмөнстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн коопсуз деп саналган өлкө катары 58-орунду ээлеген.

Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Аялдардын абалын Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору 13 категория боюнча - аялдардын коомдогу, эмгек рыногундагы ордун, саясаттагы абалын, социалдык коопсуздугун изилдеген.

WPS индекси боюнча Европадагы тогуз: Норвегия, Дания, Финляндия, Исландия, Швеция, Швейцария, Люксембург, Австрия, Нидерланды жана Жаңы Зеландия аялдар үчүн эң коопсуз, Түштүк Судан, Конго, Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан, жана Йемен абдан кооптуу өлкө болду.


Кыргызстандын статистика комитети жана бир катар уюмдар үч-төрт жыл мурун жүргүзгөн сурамжылоолорго караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат.

Ички иштер министрлиги акыркы эки жылда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG