Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Төө-Ашууда жол кырсыгынан бензин ташыган цистерна жарылып, үч унаа күйүп кетти


Бишкек-Ош жолундагы өрт. 25-октябрь, 2023-жыл. (Соцтармактарга жарыяланган тасмадан алынган сүрөт)
Бишкек-Ош жолундагы өрт. 25-октябрь, 2023-жыл. (Соцтармактарга жарыяланган тасмадан алынган сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында, 27-октябрда, саат 14:30 чамасында Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун жолунда өрт кырсыгы катталды.

Ага ылайык, магистралдын 96-чакырымынан түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан күйүүчү май ташуучу унаанын чиркегичи кулап, күйүп кеткен. “Мерседес Бенц” жана “Хонда СРВ” унаалары жардам берүү үчүн токтогон учурда, өрттөнүп жаткан цистерна жарылып, жеңил автоунаалар да күйүп кеткен.

Кырсыктан төрт адам жараат алып, Жайыл райондук ооруканага жеткирилди.

Кара-Балта шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынан өрт өчүрүүчү бир бригада, үч куткаруучу тартылып, өрт толугу менен саат 15:40та өчүрүлдү.

Бишкек-Ош жолунда автоунаалардын кырсыгы көп катталат. Адам өлүмү менен коштолгон учурлар да арбын.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG