Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Чакан жана орто бизнеске четтен тартылган инвестиция көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларын өнүктүрүүгө келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестиция көлөмү (чыгып кетүү агымын эсептебегенде) былтыр 230 млн доллар түзүп, ага чейинки жылга салыштырганда дээрлик 32% өстү. Бул тууралуу бүгүн 27-октябрда Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылга салыштырганда бул көрсөткүч 3,3% жогору.

Өсүш айыл, токой, балык чарбасы, пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө, ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык багыттагы ишканаларда болгону белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялар (93,3%) негизинен Бишкек шаарындагы, Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы чакан жана орто ишканаларга тартылган.

Статкомдун маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында 17 миңдей чакан жана орто ишкана бар, катталган жеке ишкерлер 442 миңдин, фермердик чарбалар 473 миңдин тегерегинде. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG