Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

ИИМ: "Бомба коюлду" деп жалган маалымат берген жаран кармалды


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги 26-октябрда Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү берген делген жаран кармалганын билдирди.

Министрлик билдиргендей, ушул күнү саат 11:59да “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу социалдык тармакта анонимдүү колдонуучудан билдирүү түшкөн. Анын негизинде бул жайда издөө иштери жүрүп, бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес.

Милиция кызматкерлери жалган маалымат тараткан деп шек санап кыргыз жана орус жарандыгы бар 19 жаштагы жаранды кармашкан. Ал Бишкектеги соода борборлорунун биринде коомдук тамактануучу жайда иштеп жатканы такталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ошол аркылуу билдирүү жөнөткөн.

“Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө”, - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Министрлик жардыруучу зат коюлганы тууралуу түшкөн маалыматтар чын-жалганына карабай “реалдуу коркунуч катары кабыл алынарын жана мындай шартта зарыл болгон бардык чаралар көрүлөрүн” билдирди.

Быйыл июль айында Улуттук коопсуздук комитети Бишкекте 9-класстын окуучусу гимназиялардын бирине бомба коюлганы тууралуу бир канча жолу жалган маалымат берген деп шек саналып жатканын билдирген.

Өткөн апталарда жана жаз айларында Бишкектеги бир катар мектептерге, окуу жайларга, соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратылган учурлар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG