Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Москва: теги тажикстандык эки жаранга аскерден баш тартканы үчүн иш ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан теги тажикстандыктарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тергөө комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын жарандыгын алган 2004 жана 2005-жылы туулган эки жигит Москвадагы аскердик комиссариаттан качып кетишкен. Учурда аларга издөө жарыяланды.

Айрым телеграм каналдар эки жигиттин бирөө кармалганын жазышты.

Аскердик кызматтан баш тарткандарды эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Буга чейин Мамдуманын бир катар депутаттары армияда кызмат өтөөдөн жана согушка баруудан баш тарткан мурдагы мигранттарды, Орусиянын "жаңы" жарандарын орус паспортунан ажыратууну сунушташкан. Жакында эле ушундай пикири менен Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин дагы бөлүшкөн.

"Атайын операция жүрүп жаткан чакта аларды буга тартуу керек деп эсептейм. Эгер ал Орусиянын жараны болуп туруп, өзүнүн аскердик милдетин аткарууга даяр болбосо, анда мындай адамды жарандыктан ажыратуу керек" , - деди Бастрыкин.

Орус паспортун алып, аскердик каттоого турбаган мурдагы мигранттарды аныктоо рейддери август айында бир катар аймактарда жүргүзүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG