Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Жалал-Абадда кайра кармалган ишкер Борошов кыйноого кабылганы айтылууда


Бакыт Борошов.
Бакыт Борошов.

Жалал-Абадда бир күн мурда үй камагына чыккан, кийин дагы бир кылмыш иши козголуп, кармалган ишкер Бакыт Борошов тергөө изоляторунда кыйноого кабылганы кабарланды. Бул боюнча анын адвокаты Муктар Набиев Аскер прокуратурасына арыз жазылганын 26-октябрда “Азаттыкка” ырастады.

“Арызда Борошовду кармоо мыйзамсыз экенин айтып, кыйнаган кызматкерлерге карата кылмыш ишин козгоону жана чара көрүүнү өтүндүк”, - деди адвокат.

Атайын кызмат Борошовдун кыйноого кабылганы жана кармалганы тууралуу комментарий бере элек.

Апрелден бери абакта жаткан ишкер Бакыт Борошов 25-октябрда үй камагына чыккан. Ошол эле күнү ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин ("Өзүм билемдик") 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары кайрадан кармалганын адвокаты ырастаган.

18-апрелде Улуттук коопсуздук комитети Борошовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси ("Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аймактагы бөлүмү, "Элдик" ишканасынын жетекчилиги Борошов мамлекеттик мүлктү бир жыл бекер иштетип, акча төлөбөгөнүн жүйө келтирген.

Ага чейин бул ишкананын темир-бетон заводун иштетүүдө 16 млн сомдон ашык чыгымды мамлекетке өндүрүү боюнча Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими чыккан. Мындан кийин ишкерге Жоруктар кодексинин 167-беренеси ("Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо") менен иш козголгон. Бул иш боюнча тергөө жүрүп, Жалал-Абад облустук соту аны актаган.

Адвокат Набиев башында жорук катары катталган иш кийин белгисиз жагдайда кылмыш ишине айланып калганын билдирген.

Борошов 18-апрелде кармалган учурда берген комментарийинде кармалышын “өз позициясын ачык айтканы” менен байланыштырган.

Ал кармалардан мурун бийликти сындаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жолдоп, ишкерлерге кысым болуп жатканын айткан жана "башаламандыкты токтотууга" чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG