Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Москва: теракт уюштурууга шек саналган тажик жарандарынын соту башталды


Москванын Экинчи Батыш аймактык аскердик сотунда террордук уюм түзүүгө жана теракт уюштууруга даярдык көрүүгө шек саналган беш тажикстандык менен бир дагестандыктын иши карала баштады.

Федералдык коопсуздук кызматы билдиргендей, соттолуп жаткан алты адам 2022-жылы Лубянкадагы аталган мекеменин имаратын жардырууну пландашкан.

Кылмышка шек саналып жаткан 19-25 жаштагы жигиттер кармалганга чейин Москвада куруучу, курьер болуп иштеп жүрүшкөн. Алар былтыр апрелде кармалышкан.

Эгер алардын күнөөсү далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. ТАСС агенттиги жазгандай, алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бешөө күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Адвокаттар бул ишти орус атайын кызматтары “токуганын” айтышууда.

Ушул күндөрү Екатеринбургда дагы эки жыл мурда террорчулукка шек саналып кармалган бир нече тажикстандыктын соту жүрүп жатат. Алар кыйноого кабылып жатканын туугандары “Озоди” радиосуна айтып беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG