Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:58

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди


Баткен шаарындагы Баткен коогалаңын эскерүү монументи. 26-октябрь. 2023-жыл
Баткен шаарындагы Баткен коогалаңын эскерүү монументи. 26-октябрь. 2023-жыл

Баткен шаарында 1999-2000-жылдардагы окуяларда аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, маркумдардын үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, каза болгондордун эрдиктери баа жеткис экени белгиленди. Ушундай эле эскерүү иш-чаралары облустун район-шаарларында да өткөрүлүүдө.

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында өлкөнүн бүтүндүгүн коргоого 6 миңдей жоокер тартылып, 400дөй жаран катышкан. Жыл сайын 26-октябрь күнү Баткен окуясында курман болгон жоокерлери эскерилет.

«Өзбекстан ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 1999-2000-жылдардагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген аталыштар менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган.

Ошол окуядан кийин Ош облусунан үч район, эки шаар бөлүнүп, Баткен облусу түзүлгөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG