Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

АКШда ондогон штаттар Meta компаниясын сотко беришти


Америкада 33 штаттын, анын ичинде Калифорния менен Нью-Йорктун башкы прокурорлору 24-октябрда Фейсбук жана Инстаграм социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta компаниясын сотко беришти.

Прокурорлор компания "балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдык түйүндөрдөн чыга албай калгыдай кылып, менталдык саламаттыгына доо кетирген" деп айыпташууда.

"Meta жаштарды жана өспүрүмдөрдү тартуу, акыр-аягында азгыруу үчүн эбегейсиз кубаттуу жана мурда болбогондой технологияларды колдонгон. Анын максаты акча табуу гана болгон", - деп жазылган Окленд шаарынын федералдык сотуна түшкөн арызда.

Ошондой эле прокурорлордун жүйөсүнө караганда, жүргүзүлгөн изилдөөлөр Metа компаниясына караштуу социалдык түйүндөрдү колдонуу балдардагы депрессия, уйкусуздук, тынчсыздануу сыяктуу бир катар терс кесепеттерге алып келерин көрсөткөн.

Metа компаниясы сотко кайрылуулар боюнча “өкүнүчүн” билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG