Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Израилдин армиясы Сириянын аймагына сокку урду


Сириянын аймагына жасалган Израилдин соккусунун кесепети. Архивдеги сүрөт.
Сириянын аймагына жасалган Израилдин соккусунун кесепети. Архивдеги сүрөт.

Израилдин Коргонуу армиясы Сирия тараптан жасалган соккуларга жооп катары сириялык аскерлерге караштуу жайларга сокку урду. Бул тууралуу ЦАХАЛ социалдык түйүндөр аркылуу билдирди.

Израилдин чабуулу тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары аскерлерге таянып жазды. Маалыматка караганда, андан сегиз сириялык жоокер мүрт кетип, бир нечеси жараат алган.

ХАМАС тобу Израилге кол салган 7-октябрдан бери Сирия тараптан бир нече ирет абадан сокку урулганын ЦАХАЛ билдирген. Маалыматка караганда, соңку ирет 24-октябрда Сирия тараптан учурулган эки ракета Израилдин аймагына түшкөн.

Ал арада Израилдин күчтөрү Газа тилкесине абадан сокку урууну күчөттү. ЦАХАЛ тараткан маалыматка караганда, соңку бир сутка ичинде ХАМАС радикал уюмуна караштуу жүздөгөн жайлар бутага алынды.

ХАМАС тобунун өкүлдөрү 25-октябрга караган түнү жөөт күчтөрүнүн чабуулунан кеминде 80 киши мүрт кеткенин билдирди. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин операциясы башталгандан бери Газада беш минден ашуун киши мүрт кеткенин кабарлады.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы жооп иретинде тилкени блокадага алып, абадан сокку ура баштаган. Израил тараптан 1400дөй киши каза болгон, 200дөн көбү барымтага алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG