Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Кумтөр иши: Токтогулов менен Фронтбек кызына сот чечими чыкканы маалым болду


Кумтөр.
Кумтөр.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр” иши боюнча коррупцияга шектелип кармалган ишкананын ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловго чечим чыгарганы эми белгилүү болду.

4-майда сот Токтогуловду Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Ачык тооруктарды, аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды (сатып алууларды) өткөрүүнүн тартибин бузуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 200 миң сом айып салынган.

10-июлда Октябрь райондук соту Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны да ушул эле берене боюнча күнөөлүү деп таап, 110 миң сом өлчөмүндө айып салган.

Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу ишкананын ошол кездеги тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланып, быйыл 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган. Кийин дагы бир шектүү Руслан Енгалычев экени айтылган.

Сот Канат Курмановдун жана Руслан Енгалычевдин иши тууралуу маалымат бере элек.

Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 23-октябрда белгилүү болгон. Ага козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөн, азырынча соттук отурумдун күнү белгилене элек.

Эсеп палатасынын отчетунда Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанини" жетектеп турган маалда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердиги ийне-жибине чейин иликтеп жазылган.

“Кумтөр” бул убакыт аралыгында “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн доллар короткону аныкталган. Акчанын көбү - 1 млн 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн. Кеңсе эмеректерин алууга, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн доллар короткону белгилүү болгон. Жалпы чыгымдын көлөмү 1 млрд 146 млн сом болгону айтылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 30-апрелде Бөлтүрүктү прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG