Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:10

"Коопсуз шаар-2" долбооруна байланыштуу сот иштери аяктай элек


Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган.
Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган.

Санарип өнүктүрүү министринин орун басары Замир Кожомуратов "Коопсуз шаар-2" долбооруна байланыштуу соттук териштирүү аяктай электигин билдирди. Ал 24-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында мындан улам долбоор башталбай турганын айтты. Кожомуратов сот жараяндары кайсы стадияга келгенин тактаган жок.

Депутат Шайырбек Ташиев соттук териштирүүлөр узарып кеткенин сынга алып, бул долбоорго байланыштуу башка инвесторлор келип жатканын, алар менен иштешүү жагын өкмөт карап көрүшү керектигин билдирди.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын былтыр сотко берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG