Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:13

Брюсселде диаспоралар сынагында кыргызстандыктардын «Данакер» уюму жеңди


Айтолгон Боронбаева
Айтолгон Боронбаева

Бельгиянын баш калаасы Брюсселде өткөн дүйнө жүзүндөгү диаспоралардын “Future Forum” сынагында кыргызстандык айымдардын “Данакер” уюму жеңүүчү деп табылды. Варшавада түзүлгөн бул диаспораны Польша университетинин докторантурасында билим алып жаткан Айтолгон Боронбаева бжетектейт.

Сынак менен бирге Еврокомиссия жана Эл аралык миграция борбору 17-18 октябрда атайын жыйын дагы уюштурганын Боронбаева 23-октябрда "Азаттыкка" билдирди.

Ага 50дөн ашуун мамлекеттен келген диаспора мүчөлөрү катышты.

Форумдун максаты чет өлкөлөрдө түзүлгөн диаспора уюмдарын өнүктүрүү, биргелешип кызматташууга чакыруу жана аларга шарт түзүп берүү сыяктуу маселелерди талкуулоого багытталган.

Жыйынга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин спикеринин алдында түптөлгөн миграция Кенешинин жетекчиси Улан Ногойбаев жана Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин бири Газбүбү Бабаярова катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG