Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Газа тилкесинде Казакстандын жараны кызы менен набыт болду


Газа тилкесине сокку тийген жер
Газа тилкесине сокку тийген жер

Газа тилкесинде Израилдин аба соккуларынан Казакстандын жараны жана анын кызы набыт болгонун расмий Астана 23-октябрда билдирди. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, казакстандык аял Газа тилкесинде жашаган палестинге турмушка чыгып, көп жылдан бери ошол жакта турган.

Жакынкы Чыгышта жаңжал башталганы Казакстан 124 жаранын аймактан алып чыгып кетти. Министрлик Газа тилкесинде жана Израилде жүздөгөн казакстандык бар экенин кабарлаган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, 212 адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясынын аба чабуулдарынан беш миңден көп киши өлгөнүн билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG