Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

ХАМАС Израилдин чабуулдарынан Газада 5000 киши өлгөнүн билдирди


Израил армиясынын аба соккуларынан жабыркаган кишилерди көтөрүп бараткан палестиндер. 23-октябрь, 2023-жыл.
Израил армиясынын аба соккуларынан жабыркаган кишилерди көтөрүп бараткан палестиндер. 23-октябрь, 2023-жыл.

ХАМАС радикал кыймылы көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 23-октябрда билдиргендей, блокадада калган аймакта Израил армиясынын аба чабуулдарынан жалпысынан беш миңден көп кишинин өмүрү кыйылды. Алардын экми миңдейи балдар экени кабарланды. Бул сандар канчалык так экенин көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1400дөй киши мүрт кеткен. 200дөн көп кишини экстремисттик топ барымтага алган. Израил армиясы согуш жарыялап, Газа тилкесине абадан сокку уруп, электр энергиясын, суу берүүнү токтоткон.

Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис тынчсыздануу жаратууда. “Чек арасыз дарыгерлер» уюму билдиргендей, ооруканаларда дары-дармек, медициналык препараттар жетишсиз. Дарыгерлер ооруну сездирбей турган дарыларсыз эле операция жасоого мажбур болууда.

Израил армиясы ХАМАС радикал тобунун согушкерлери барымтадагыларды бошотуп, куралын таштаса жердеги операциясын баштабай турганын билдирди. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу армиясынын расмий өкүлү Жонатан Конрикус австралиялык ABC телеканалына курган маегинде айтты. Азырынча Израил армиясы жердеги операциясын качан баштары белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG