Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

"Клооп Медианын" иши боюнча сот 3-ноябрда уланат


"Клооптун" кеңсеси.
"Клооптун" кеңсеси.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 23-октябрда “Клооп Медиа” басылмасын жабуу боюнча алдын ала соттук угуу аяктап, кийинки жараян 3-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу “Клооп Медиа" социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Басылма билдиргендей, кийинки отурумда сот прокуратуранын “Клоопту” жабуу боюнча арызын карай баштайт.

Райондук сот бул боюнча маалымат бере элек.

6-октябрда буга чейинки соттук отурумда "Клооп Медианын" өкүлдөрү Юстиция министрлигин жараянга үчүнчү тарап катары катышуусун өтүнүп, сот аны канаттандырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында“Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануу билдиришкен. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырууда.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG