Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:27

Айзаданын өлүмү: Мурдагы милиция башчысынын сотунда ондон ашуун күбө суралды


Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.
Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу окуяда шалаакылыкка айыпталып жаткан мурдагы милиция башчысынын сотунда ондон ашуун күбө суралды. Бул тууралуу 23-октябрда “Азаттыкка” жабыркаган тараптын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, азыр күбөлөрдүн сурагы уланууда, дагы 3-4 күбөнү уккандан кийин иштин материалдарын изилдөө башталат, андан соң тараптар жарыш сөзгө өтөт. Күбөлөрдүн баары ошол кезде милициянын тийиштүү бөлүмдөрүндө иштеп тургандар.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевдин иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 12-июлда айыптоо корутундусу окулганда Матмусаев ага тагылып жаткан айыпты мойнуна албай турганын билдирген.

Кийинки сот 24-октябрда өтөт.

Жактоочунун айтымында, бардык отурумдарга Айзаданын апасы жана туугандары катышууда.

Буга чейинки отурумдардын биринде күбөлөр Матмусаев “Перехват” планын дароо жарыялабаганын айтып беришкен.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине "шалаакылык" деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Кийин ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кеңешчи болгону айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG