Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Газа тилкесине гуманитардык жардам жүктөгөн экинчи автокербен кирди


Газанын түштүгүндөгү качкындар лагеринде баш калкалаган балалуу аял
Газанын түштүгүндөгү качкындар лагеринде баш калкалаган балалуу аял

Маалымат каражаттары жекшембиде Газанын блокадада калган элине гуманитардык жардам жүктөгөн, 17 машинеден турган экинчи кербен Египеттин Рафах бекетинен өткөнүн жазды.

Буга чейин ишембиде 20 жүк ташуучу машине элге эң керектүү болгон суу, тамак-аш, дары-дармек жүктөп барган.

Улуттар Уюму жардам жүктөп кирген 20 машине «деңизге тамган тамчыдай» деп, блокадада калган аймакта кырдаал апаатка айланып баратканын билдирген.

"Зарыгып турган миллиондогон кишиге такай тамак-аш жеткирүү үчүн гуманитардык кербен чек арадан коопсуз жана токтоосуз өтүшү керек", - деди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Синди Маккейн.

БУУнун баасында Газадагы элдин муктаждыгын жабуу үчүн күнүгө 100 жүк ташуучу машине кирип турушу керек.

Израил ХАМАСтын жоочуларына согуш жарыялап, Газа тилкесин бомбалай баштаган эки аптадан бери элге суу жетпейт, жарык, күйүүчү май жок, дары-дамек өтө тартыш.

Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттигинин өкүлү Газадагы кырдаалды "тозокко" салыштырды. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди "кандай гана эскалация болбосун же аскердик аракеттерди улантуу Газанын элин апаатка кептерин" эскертти.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, 212 адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматында согуш башталганы 4385 киши набыт болуп, жараат алгандар 15 миңдей экени маалымдалды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG