Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Газага гуманитардык жардам жүктөлгөн 20 автоунаа жөнөп кетти


Газанын тургундары үчүн гуманитардык жардам. Рафах өткөрүү пункту. 21-октябрь, 2023-жыл.
Газанын тургундары үчүн гуманитардык жардам. Рафах өткөрүү пункту. 21-октябрь, 2023-жыл.

Газа тилкесинин жашоочулары үчүн биринчи гуманитардык жүк жүктөлгөн 20 автоунаа Египет тараптагы Рафах өткөрмө бекетинен өттү.

Жүктү Кызыл жарым ай уюмунун кызматкерлери коштоп барды. Алар көбүнесе ХАМАС радикал тобу менен Израилдин ортосундагы кагылышууда жабыркаган палестиналыктарга керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдарды алып келишкени айтылды.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа секторунун жашоочулары үчүн кеминде 100 жүк ташуучу автоунаа жардам керек экенин билдирген. Бирок Израил 20 гана машинаны өткөрүүгө уруксат берди.

Жалпысынан Рафах чек ара бекетинде гуманитардык жардам жүктөгөн 175 автоунаа турат. Бул Израил жүк өткөрүүгө макул болгон Газа менен чек арадагы жалгыз пост.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз.

Израил андан бери палестиндер байырлаган Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 4 миңден ашуун адам каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин маалымдады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG