Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:02

Орус драма театрында чыккан өрттөн костюмдар күйүп кетти


Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында чыккан өрт.
Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында чыккан өрт.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында 20-октябрда болгон өрттөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу театрдын директору Сергей Бардаков билдирип, өрт электр зымдарынан чыкканын жана театрдын 6-7-кабаттары өрттөнгөнүн айтты.

Улуттук орус драма театрынын социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланган маалымат боюнча, имараттагы айрым костюмдар менен бут кийимдер күйүп кеткен. Оңдоо иштери жүрүп жаткан 2,3,4-кабаттары жабыркаган эмес.

Театрды түтүн каптап, ичи кирдегендиктен 20-21-октябрга пландалган “Деңиз бойлой жорткон аладөбөт” спектаклинин премьерасы 2-26-ноябрга жылдырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында 20-октябрда чыккан өрттү өчүрүүгө төрт күжүрмөн эсеп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) төрт экипаж тартылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG