Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

«Ата-Бейитти» кароого майып жана пенсионер жумушчулар тартылып жатканы айтылды


"Ата-Бейит".
"Ата-Бейит".

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый мемориалдык комплексин кароого мамлекеттен өтө аз акча бөлүнгөндүктөн жумушчулук кызматка майып жана пенсионер адамдар тартылып жатканын мекеменин жетекчиси Болот Абдрахманов билдирди. 19-октябрда Жогорку Кеңеште репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда ал комплекс улуттук деген макамга ээ экенин, бирок улам бир мекемеге өткөрүлүп келатканын, соңку беш жылда маданият министрлигинде, ага чейин Улуттук гвардия, Бишкек мэриясы, айыл өкмөтү карамагында болгонун айтты.

Мамлекеттик бюджеттен максаттуу түрдө “Ата-Бейит” деп өзүнчө каражат бөлүп турууну өтүнгөн жетекчи министрлик ансыз да өзүнүн муктаждыктары көп чоң мекеме экенин, кызматкерлердин айлык маянасы 7 миң сомдун тегерегинде болуп жатканын кошумчалады:

“7 миңге эч ким келбейт экен. Мен ошол жердеги майып, күрөк көтөрө албаган пенсионерлерди чакырганга аргасыз болуп жатам. Штатты көбөйтөсүңөрбү деп тогуз айдан бери чече албай жатышат. Апрель ыңкылабынын баатырларына “Таазимди” курушканы менен бир штаттык бирдик кошулган эмес. Урматтуу раматылык Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жатат, эмдигиче “Ата-Бейиттин” балансына кире элек”.

1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоо, атайын комиссия түзүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Жанарбек Акаев жетектеген бир топ депутаты иштеп чыкты. Ал 19-октябрда парламентте биринчи окууда каралып, бир добуштан колдоо тапты.

Акаев “Ата-Бейитке” башка өлкөлөрдүн башчылары, кадырлуу коноктор келгенде гана көңүл бурулуп каларын белгиледи:

“Ал жөн эле барып гүл коюп коюлуучу жай эмес. Ал жерди Кыргызстандын каймактары, накта элитасы, улуттук лидерлерибиз жаткан эң кадыр-барктуу, биз сыймыктана турган, тарыхый жай катары сыпатташыбыз керек. “Ата-Бейиттин”, музейинин азыркы ахыбалы... 2024-жылдын бюджетине ушуну коштурабыз. Кышында кар күрөгөн техникалык каражат жок экен, жайында чөп чаап, тазалай турган...”.

Тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги, “Ата-Бейиттеги” сөөктөрдү казып алуу иштеринин башында турган Болот Абдырахманов директор болуп быйыл августта дайындалган.

"Ата-Бейит"–КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. 1938-жылы "эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү 1991-жылы Чүйдүн Чоң-Таш айылынын чет жакасынан табылып, кепиндеп көмүлгөн.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлдөрү жарым-жартылай кабылган.

Кыргызстанда 40 миңдей кыргызстандык репрессия курмандыгы болгон деген маалымат бар, алардын 20 миңи документтердин негизинде тастыкталган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG