Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

Байден америкалыктарды Украина менен Израилди колдоого чакырды


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден бейшембиде Ак үйдөн америкалыктарга кайрылып, "АКШ Украинаны жана Израилди - туш тараптан террористтер менен диктаторлордун чабуулуна кабылган демократияны колдоого милдеттүү", - деп билдирди.

Байден мунун Америка үчүн маанисин чечмелеп берди.

"Анткени террористтер жана диктаторлор келтирген кесепетине жоопкерчилик албай, анысын уланта берет", - деген Байден эки жакын союздаш өлкөнү колдоо жана жардам берүү АКШнын улуттук кызыкчылыгына туура келерин эскертти.

"Террористтер жасаган террору үчүн, диктаторлор баскынчылыгы үчүн жазага тартылбаса хаоско, өлүмгө жана кыйроолорго алып келерин бизге тарых көрсөттү. Алар токтобойт, Америкага жана дүйнөгө коркунуч өсүп баратат", - деп билдирди Жо Байден.

Ал Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин жакында эле Эстония, Латвия жана Литваны "Орусиянын Балтикадагы провинциялары" деп айтканын белгиледи.

Байдендин сөзүнө караганда, эгер АКШ Украина менен Израилдеги кырдаалга көңүлкош карасы, бул АКШнын коопсуздугун жана америкалык баалуулуктарды камсыздап турган, дүйнөлүк туруктуулук, союздук мамилелер таянып турган америкалык лидерликти коркунучка кептейт. Ал Конгресске Израилге жана Украинага чукул жардам сурап, кайрылганын жарыялады.

Байден өзүнүн Украинадагы согуштун бир жылдыгында Киевге барганын эстеп, "Мен өзүмдү жалгыз сезгеним жок, мен өз алдынчалык үчүн күрөшүп жаткан элге, биз 250 жыл мурда күрөшкөн идеалдар: эркиндик, эгемендикти жана Американын идеясын, үмүтүн алып келгенимди сездим", - деди.

Бул президент Байдендин америкалыктарга Украинаны колдоонун маанисин түшүндүргөн алгачкы кайрылуу болду. Конгрессмендеринин көпчүлүгү Украинаны колдоону кубаттаганы менен, акыркы убактарда Украинага жардам берүү качанга чейин уланат деген суроолор айтыла баштаган.

Америка коомчулугуна жүргүзүлгөн сурамжылоолор да Украинаны колдоо үчүн каражат бөлүүнү кубаттоолор азайганын көрсөтүүдө. АКШ президентинин кайрылуусу мындай маанайга жооп болду.

"Бих ХАМАСтын террористтерине, Путин сыяктуу тирандарга көкөлөөгө жол бербейбиз. Мен буга жол бербейм! Биз өзүбүздүн ким экенибизди унутпашыбыз керек. Биз - Америка Кошмо Штаттарыбыз. Колубуздан келбечү эч нерсе жок", - деп сөзүн бүтүрдү АКШнын президенти Жо Байден.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бириккен Улуттар Уюмунун быйыл августта берген маалыматында, согуш башталгандан бери 10 миңге жакын жай тургундун өмүрүн алды. Түрдүү далилдерге карабай, Москва согуштагы жай тургундардын өлүмүнө күнөөсүн мойнуна албай келет.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк киши бар экени белгисиз. 19-октябрда Франциянын Тышкы иштер министрлиги ал кол салууда 28 жараны окко учканын, жетөө дайынсыз болуп жатканын билдирди. 18-октябрда АКШнын президент Жо Байден Тель-Авивде туруп сүйлөгөндө кандуу чабуулда 31 америкалыктын өмүрү кыйылганын айтты.

Израил андан бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет.

ХАМАС башкарган сектордун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 палестиналык каза тапканын, 12 миңге жакыны жараланганын билдирди. Көз карандысыз булактардан бул маалыматты бышыктоо мүмкүн эмес.

ХАМАС бир нече туткун каза тапканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG