Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

Израил армиясы кеминде 203 киши ХАМАСтын барымтасында калганын билдирди


Барымтага алынган Майя Шемдин энеси кызынын сүрөтүн кармап турат. Тел-Авив, 17-октябрь 2023-жыл
Барымтага алынган Майя Шемдин энеси кызынын сүрөтүн кармап турат. Тел-Авив, 17-октябрь 2023-жыл

Израилдин армиясы ХАМАС радикал тобу барымтага алган 203 кишинин үй-бүлөлөрүнө кабар берилгенин тастыктады. Буга чейин 199 киши туткунда экени тууралуу маалымдалган.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 миң 400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк киши бар экени белгисиз. 19-октябрда Франциянын Тышкы иштер министрлиги ал кол салууда 28 жараны окко учканын, жетөө дайынсыз болуп жатканын билдирди. 18-октябрда АКШнын президент Жо Байден Тель-Авивде туруп сүйлөгөндө кандуу чабуулда 31 америкалыктын өмүрү кыйылганын айтты.

Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат.

ХАМАС башкарган сектордун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 палестиналык каза тапканын, 12 миңге жакыны жараланганын билдирди. Көз карандысыз булактардан бул маалыматты бышыктоо мүмкүн эмес.

ХАМАС бир нече туткун каза тапканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG