Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Украинада орус аскерлеринин аткылоосунан беш киши каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Украинада бир суткада орус аскерлеринин аткылоосунан беш киши каза тапты. Бул тууралуу бейшембиде Днепропетровск, Николаев жана Херсон облустарынын бийликтери маалымдады.

Херсондун администрация башчысы Александр Прокудиндин айтымында, 24 саатта орус армиясы аймакты 105 жолу аткылады, миномёттордон, дрондордон, танктардан жана учактардан 580 дүрмөт атылды. Дүрмөттөр калк жашаган райондорго, завод жана паркка тийгенде, эки киши мүрт кетти, төртөө жараланды.

Николаев облусунун губернатору Виталий Ким шаршемби күнү кечинде Степовдогу айылга сокку урулганын, уранды астында калган эки киши каза болгонун жана бирөө жараат алганын билдирди. Андан кийин ошол эле жерге ирандык дрондун сыныктары кулап түшүп, кампада өрт тутанган.

Днепропетровск аймагынын башчысы Сергей Лысактын маалыматына караганда, 18-октябрдагы аткылоодон 31 жаштагы жергиликтүү аял өлдү, дагы төрт киши жабыркады. Бир нече жер там, машина жана газ түтүгү зыян тартты.

БУУнун сентябрдын аягында тараткан маалыматында Орусия кол салгандан бери Украинада 9 миң 701 карапайым киши каза тапканы, 17 миң 748и жарадар болгону айтылган. Бул статистика толук болбошу мүмкүн. Көптөгөн далилдерге карабай, Москва жарандык жайларды бутага алганын танып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG