Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Казакстандын президенти Токаев Шинжаңга барды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Кытайда расмий сапар менен жүргөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 18-октябрда Шинжаңга барды.

Бул анын өлкө башына келген 2019-жылдан берки Шинжаң-Уйгур автоном районуна жасаган алгачкы сапары.

Президенттин администрациясы билдиргендей, Токаев Кытайдын Коммунистик партиясынын комитетинин катчысы Ма Синжуйга жолугуп, «аймактык кооперациянын актуалдуу суроолорун» талкуулашат. Ак ордонун маалыматында Шинжаңдагы казактардын маселеси көтөрүлөрү тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

2017-жылдан бери Шинжаңда жүз миңдеген казак, кыргыз, уйгур жана башка аз улуттар «кайра тарбиялоочу лагерлерде» кармалып турганы кабарланып келет.

Расмий Бээжин бул жайларды «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп жүрөт.

Буга чейин Казакстанда Шинжаңда лагерлерде камалып жаткандардын туугандары нааразылык акцияларын уюштуруп, Астананы аларды бошотуп келүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

Астана расмий Кытайдын Шинжаңда жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу үн ката элек. Бирок Шинжаңдагы казактар мекенине «дипломатиялык жолдор» аркылуу кайтып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG