Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Евробиримдик: "Чет элдик өкүл" мыйзамы эркиндикти чектейт


Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сунуштап жаткан "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоору өлкөдө сөз эркиндигин жана жарандык жигердүүлүктү чектейт деген тынчсыздануусун билдирди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 17-октябрда аталган мыйзам боюнча өткөн парламенттик угууда Венеция комиссиясы жана Кыргызстандын жарандык коомунун көпчүлүк бөлүгү тарабынан айтылган орундуу тынчсызданууларга жана сунуштарга кошулат.

"Плюрализм жана жигердүү жарандык коом бардык демократиялардын ажырагыс бөлүгү жана алардын гүлдөп-өнүгүшүнүн жана туруктуулугунун ачкычы болуп саналат", - деп жазылган маалыматта.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Надира Нарматова "бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан. Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо, 50-100 миң айыппул төлөө, беш жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо, 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүп алынганын белгилешкен.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдогон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган. Алар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчётун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келет.

Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG