Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Фейсбуктагы пикири үчүн камалган эки аялдын маселеси парламентте айтылды


Салия Таштанова жана Чыныгүл Шеркулова.
Салия Таштанова жана Чыныгүл Шеркулова.

Фейсбуктагы пикири үчүн камакка алынган эки аял боюнча маселе бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын депутат Гуля Кожокулова партиянын 20дан ашуун мүчөсү кармалганын билдирип, жогоруда аталган аялдардын ишине байланыштуу Башкы прокуратурадан толук маалымат берүүнү өтүндү.

Депутат “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидерин колдоп сүйлөгөнү үчүн 70 жаштагы аял жана партия мүчөсү, жалгыз бой эне президент менен атайын кызматтын төрагасын дискредитация кылганы үчүн кармалганы тууралуу маалымат тарап жатканын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштанованы жана Кочкор-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну Чыныгүл Шеркулованы 6-октябрда кармаганы, Жалал-Абад облустук соту аларды 4-ноябрга чейин камакка алганы 17-октябрда белгилүү болду.

Атайын кызмат аларга "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген айып койгону айтылууда, бирок расмий маалымат бере элек.

Алардын кармалышы боюнча активисттер социалдык түйүндөргө жазып, "пикирин ачык айтканы үчүн иш козгоду" деп нааразылык билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG